|
2013-жылдын 25-апрелинде Кыргыз улуттук университетинин университеттин чоң жыйындар залында Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту Улуттук университеттин 80 жылдык мааракесине карата "Борбордук Азияда педагогикалык кадрларды даярдоонун теориясы жана практикасы" аттуу эл аралык II илимий-практикалык конференция өткөрдү. Иш-чарага Кыргыз эл мугалимдери Исак Бекбоев, Мукаш Базаркулов, Өзгөрүш Шаршекеев, Симийла Абдрахманова, Шабданбек Кулуев, Султан Мамбеткалиев, белгилүү педагог Советбек Байгазиев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сардарбек Жумалиев жана курамы 26 адамдан турган Казакстандын ар кайсы областтарынан келген чоң делегация катышты.
|